Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Владимир Путин Украинанын контрчабуулунун абалын айтты

Ал Украина он эсеге көп жоготууга учураганын белгилеп, резервдик техникасын колдонуп баштаганы менен эч кандай мүмкүнчүлүк жок экенин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Украина стратегиялык резервдерин колдоно баштады, бирок эч бир максатына жеткен жок. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин Петербург эл аралык экономикалык форумунда айтканын РИА Новости жазды.
"Жоготууларды салыштырганда – онго бир, 186 танк жана 418 брондолгон унаасы жок болду. Бул жерде Украинанын эч кандай мүмкүнчүлүгү жок", — деди ал.
Анын айтымында, жакында Киев өзүнүн техникасын колдоно албай калат, анткени мынчалык узакка согуша албайт. Ошол эле учурда Россия бир жыл ичинде аскердик техника чыгарууну 2,7 эсеге көбөйткөнүн белгиледи.
Президент коңшу өлкөлөрдөгү аскердик аракеттер Киевде мамлекеттик төңкөрүш жасаган адамдардын айынан башталганын эске салды.
"Украинадагы, Украинанын түштүк-чыгышындагы согуш Батыштагы демөөрчүлөрүнүн колдоосу менен 2014-жылы башталган. Бирок Батышта бул тууралуу эч ким айтпаганга аракет кылат. Мен эске салып коюуга аргасызмын: авиация, танк, артиллерия – булардын баары түндүк-батышта Донбасска каршы колдонулган. Бул согуш эмей эмне? Бул согуш. Ал дээрлик тогуз жыл уланып келди", — деди Путин.
Россия лидери Украина бийлигин неонацисттерди баатыр катары көрсөтүп жатат деп айыптады.
"Биз муну менен күрөшүүгө милдеттүүбүз. Россия – улутчулдук менен күрөшүүдө бир топ жабыркаган өлкө. Биз муну эч качан утутпайбыз", — деген ал.
Путин: биз бекеринен макроэкономикалык туруктуулукка умтулган жокпуз