Россияда кесиби бар чет элдиктерге жарандык алуу жеңилдетилди

Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Россияда өлкөнүн жарандыгын алууга укугу бар чет элдик кесип ээлеринин тизмеси кеңейтилди.
Тийиштүү документти РФтин Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги бекиткен.
Тизмеде курулушчулар, медицина кызматкерлери, агрономдор, педагогдор, журналисттер, инженерлер жана башка көптөгөн кесип ээлери бар. Жалпы жонунан 14 бөлүмдө 203 адистик камтылган.
Эске салсак, "Жарандык жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүүдө РФ жарандыгын алуу үчүн Россияда жашоо мөөнөтүн үч жылдан бир жылга кыскартуу да сунушталган.
Россияда мигранттардын жашоосун жеңилдетүү каралууда. Депортация ордуна айып пул