Түркияда Орхан Инанды 21 жылга эркинен ажыратылды

Айыптоодо Инанды "Гүлен" кыймылынын Борбор Азиядагы кишиси катары сыпатталган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Кыргызстандагы "Сапат" лицейлер тармагынын мурдагы жетекчиси Орхан Инанды Анкаранын (Түркия) Жогорку соту тарабынан 21 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу жергиликтүү Anadolu агенттиги жазды.
Инандыга "Куралдуу террордук уюмду башкаруу" беренеси менен айып тагылган. Анда Инанды "Гүлен" кыймылынын Борбор Азиядагы кишиси катары сыпатталган. Ал сот залында күнөөсү жок экенин белгилеген.

Окуянын чоо-жайы

"Сапат" лицейлер тармагынын президенти, Кыргызстан жараны Орхан Инанды 2021-жылдын 1-июнунун түнүнөн бери дайынсыз болуп жаткан. Анын автоунаасы Октябрь районундагы Малдыбаев көчөсүндө Ала-Арча суусунун жээгинде эшиги ачык калган тейде табылган. Президент Садыр Жапаров аны табуу үчүн кошумча күч тартууну тапшырган. Ички иштер министрлиги Инандыны 1000ден ашуун милиционер издеп жатканын билдирген.
Кийинчерээк УКМК Орхан Инандыны эки жыл мурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү издеген деген маалымат тараткан. Инандынын табылышын талап кылган жарандар Өкмөт үйүнүн алдына бир нече жолу митингге чыгышкан.
Ал эми 5-июлда Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Инанды өлкөгө алып келингенин жар салган.
Режеп Эрдоган менен Орхан Инандынын чогуу түшкөн сүрөтү интернетке тарады