"Торугартты" дем алышсыз иштетүү... Нарындын башчысы менен Кытай элчиси жолукту

Элчи Нарындагы 10 студентти Кытайдын каржылоосу менен Пекинде окутууну убадалады.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Нарын облусунун башчысы Алтынбек Эргешов Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Жолугушууда коңшу Кытай эли менен достук жана кызматташтык мамилени арттыруу, соода-экономикалык байланыштарды бекемдөө, билим берүү тармагында тажрыйба алмашуу, туристтерди тартуу, жүк өткөрүүнүн сапатын жакшыртуу, импорт-экспорт жаатында сүйлөшүүлөр жүрдү.
1 / 2

Нарын облусунун башчысы Алтынбек Эргешов Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды

2 / 2

Жолугушууда коңшу Кытай эли менен достук жана кызматташтык мамилени арттыруу, соода-экономикалык байланыштарды бекемдөө, билим берүү тармагында тажрыйба алмашуу, туристтерди тартуу, жүк өткөрүүнүн сапатын жакшыртуу, импорт-экспорт жаатында сүйлөшүүлөр жүрдү

Ду Дэвень "Торугарт" көзөмөл өткөрүү пунктун модернизациялоо боюнча жумуштар башталганын, калган маселелер боюнча элчи катары жардам берерин айтты. Ошондой эле Нарындагы 10 студентти (жылына 2ден) Кытайдын каржылоосу менен Пекинде окутуп берүү убадасын берди.
Ал эми Эргешов элчиге төмөнкүлөрдү сунуштады:
биргеликте глемпинг отелдерди, туристтик маршруттарды уюштуруу;
"Торугарт" ɵткɵрүү пунктунан товарлар ыкчам ɵтүшү үчүн бажы инфраструктурасын модернизациялоо;
"Торугарт" ɵткɵрүү пунктунда автотыгынды кыскартуу үчүн Кытайдын бажы кызматы менен ишемби жана жекшемби күндɵрдү иш күн кылуу боюнча макулдашуу;
Кытайга көмүр, көмүр брикеттерин, электр энергиясын экспорттоо;
электрондук соода инфраструктурасын түзүү;
Нарындын аймагына Кытайдын стандартына ылайык келген сертификациялоо боюнча лаборатория куруу;
Нарын мамлекеттик университетинин базасында Кытай медициналык факультетин ачуу.
Ду Дэвень жолугушуудан кийин "Торугарт" көзөмөл өткөрүү пунктуна барды. Андан соң Нарын мамлекеттик университетинде "Кытай тили жана маданияты" борборунун ачылышына катышты.
Бишкектеги Дэн Сяопин проспектисинин бир бөлүгү кытай стилинде көрктөндүрүлүүдө