Маданият министрлиги рэпер Моргенштерндин* концертин өткөрбөө боюнча чара көрүүдө

Россиялык рэпердин маселесин парламентте депутат Алишер Козуев көтөрдү. Анын айтымында, музыкант жаштарга терс таасир тийгизет.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Маданият министрлиги Моргенштерндин* концертин өткөрбөө үчүн чара көрүп жатат. Бул тууралуу министр Алтынбек Максутов Жогорку Кеңеште билдирди.
Россиялык рэпердин маселесин парламентте депутат Алишер Козуев көтөргөн.
"Социалдык тармактарда жаштарга терс таасир тийгизген артист же кандай дейбиз... Моргенштерн келери айтылып жатат. Элди бузат. Чара көрүңүздөр", — деди эл өкүлү.
Максутов ушу тапта уюштуруучулар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты. Ал депутаттын пикирине кошуларын белгилеп, артистке Россияда кылмыш иши козголгонун кошумчалады.
Эл ичинде Моргенштерндин концертин болтурбоону талап кылгандар чыккан.
Эскерте кетсек, буга чейин "Би-2"** тобунун 18-июлга пландалган концерти "техникалык себептерден" улам үзгүлтүккө учураган болчу.
* Россиянын Юстиция министрлиги тарабынан чет элдик агент деп таанылган.
** Топтун солисти Россиянын Юстиция министрлиги тарабынан чет элдик агент деп таанылган.
Депутат кесиптештерине: "Тик-Токтогу" жылаңачтарды кайдан таап аласыңар?