Кыргызстан Россия менен Казакстанга автоунааны 11 эсе көп сатты

Былтыркы жылдын январь-апрель айында кыргызстандыктар Россия менен Казакстанга 244 темир тулпар соодалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Кыргызстандыктар жыл башынан тарта апрелге чейин автоунааны 11 эсе көп саткан. Бул тууралуу Статистика боюнча улуттук комитеттин маалыматында айтылды.
2023-жылдын алгачкы төрт айында тышка 2 741 автокөлүк соодаланган, бул былтыркыга салыштырмалуу бир топ арбын, тагыраагы, анда көрсөткүч 266ны түзгөн эле.
Бул төрт айдын ичинде Казакстан менен Россия жарандары кыргызстандыктардан 2 712 автоунаа алып кеткен. Былтыр ал сандар 244түн тегерегинде болгону айтылды.
Кыргызстанда автоунаалардын импорту 4,4 эсе өскөн