Бишкекте россиялык дарыгерлер майып балдардын ата-энелерине консультация берүүдө

Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Бишкекте "Миссия “Добро" долбоору старт алды. Анын алкагында россиялык адистер ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерине консультация берип жатат.
1 / 3

Бишкекте "Миссия “Добро" долбоору старт алды. Анын алкагында россиялык адистер ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерине консультация берип жатат

2 / 3

Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борбору (Русский дом) билдиргендей, акция 16-июндан 21-июнга чейин созулат

3 / 3

Бейтаптар "Келечек" реабилитациялык (Жибек Жолу, 519) борборунда саат 10:00дөн 17:00гө чейин кабыл алынат.

Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борбору (Русский дом) билдиргендей, акция 16-июндан 21-июнга чейин созулат.
Бишкекке Марфо-Мариянын "Милосердие" деп аталган медициналык борборунун өкүлдөрү келди:
Коваленок Оксана Владимировна — башкы дарыгер, педиатр, паллиативдик жардам дарыгери;
Горлов Андрей Александрович — невролог, дарылоочу дене тарбия көнүгүүлөрү жана реабилитация багытынын жетекчиси.
Алар бейтаптарды "Келечек" реабилитациялык (Жибек Жолу, 519) борборунда саат 10:00дөн 17:00гө чейин кабыл алат. Жазылуу үчүн (0508) 30-43-77 номерине чалуу керек.
Россиялык дарыгерлер неврологиялык жана ДЦП оорулары менен жабыркаган 16 жашка чейинки балдарды карайт.
Эске салсак, буга чейин алар Оштогу ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерине жардам беришкен.
"Миссия "Добро" — Россотрудничество, Ыктыярчылар борборунун ассоциациясы жана өнөктөштөр 2021-жылдан бери ишке ашырып келе жаткан чет өлкөдө волонтердук жардам көрсөтүү боюнча кыска мөөнөттүү сапарлар. Бул долбоор Кыргызстанда экинчи ирет ишке ашырылып жатат. Биринчи жолу адистер былтыр күздө келишкен.
Россиялык "Миссия Добро" Кыргызстанда уланууда. Каалагандар кайрылса болот