Кыргызстан – Иран футболдук беттеши. Оюн 1:5 менен аяктады

Беттеш Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болду.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы борбор азиялык CAFA турниринде Ирандын футболчуларына 1:5 эсебинде утулуп калды. Таймаш борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.
Кыргызстандык футболчу Мирлан Мурзаев команданын жалгыз голун оюндун экинчи бөлүгүндө киргизди. Беттешке президент Садыр Жапаров да келгендиги маалымдалды. Эми кыргыз футболчулары үчүнчү орун үчүн Ташкентте күч сынашат.
Кыргызстандын футболчулары афганстандыктарды 3:0 менен жеңди. Чечимдин чоо-жайы