Баткенге аткезчилик менен дары-дармек алып кирген машина кармалды

Жүк атайын сактоочу жайга токтотулуп, факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Баткенге коңшу мамлекеттердин биринен аткезчилик жол менен дары-дармек алып кирген машина кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Аткезчиликке каршы күрөшүү иш-чараларынын жүрүшүндө Лейлек районунун 30 жаштагы С.у.И. жана 32 жаштагы М.Т.З. аттуу тургундары колго түшкөн. Алар Audi A6 үлгүсүндөгү автоунаага препараттарды жүктөп Лейлек районунан Кадамжайды көздөй багыт алган.
"Шектүүлөр дары-дармекти соода түйүндөрү аркылуу сатууну көздөшкөн", — деп айтылат маалыматта.
Жүк атайын сактоочу жайга токтотулуп, факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Ошондой эле жүктү жок кылуу үчүн материалдарды бажы органдарына өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгү каралууда.
Өзбекстанга аткезчилик менен товар жөнөтүү фактысы дрон менен тартып алынды. Видео