Кайсы азык-түлүктү каякка сатуу керек? ЕЭК сунушу

Эт базары. Архив
Анализдин жыйынтыгы менен ЕАЭБде өндүрүлгөн бир катар азык экспорттук потенциалга ээ экени аныкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Евразиялык экономикалык комиссия үчүнчү өлкөлөргө экспорттоого боло турган бир катар товарлардын тизмесин түздү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Жасалган анализдин жыйынтыгы менен төмөнкү азык-түлүктөр экспорттук потенциалга ээ экени аныкталган:
эт азыктарын (уй, чочко, куш эти) Вьетнам, Катар, БАЭ, Кытай, Өзбекстанга сатса болот;
балыкты Египетке, Кытай, Таиланд жана башка өлкөлөргө;
сүт азыктарын (сүт, каймак, сыр, кам каймак) Вьетнам, Египет, Израиль, Кытай, Оман, Сауд Арабиясына;
дан өсүмдүктөрүн (буудай, арпа, жүгөрү) Вьетнам, Кытай, Иордания, БАЭ, Марокко, Тунис, Түркияга жөнөтүүгө болот.
Толук тизме менен кененирээк таанышып алуу мүмкүн.
Айнек чыгаруучу завод кызматкерлери. Архив
ЕАЭБде Кыргызстан өнөр жай өндүрүшү боюнча алдыга чыкты. Сандар