Бишкекте жүргүнчү ташыган маршрутка көрнөк-жарнак тактасына урунду. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Бишкекте жүргүнчү ташыган маршрутка көрнөк-жарнак тактасынын түркүгүнө урунду.
Жол кырсыгы Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Горький көчөсүнүн кесилишинде болгон. Себеби азырынча белгисиз.
Жерине Тез жардам кызматынын алты машинасы барган. Алдын ала маалымат боюнча, жети киши жабыркады. Оор жаракат алгандар жок.
Кара-Сууда аялды сүзүп, из суутуп кетти делген айдоочу кармалды