Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украина күчтөрүнүн кадамына Батыштын ичи чыкпай жатат

Батыштын Украинага берген согуштук техникасы чекесинен жок кылынууда.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Батыштын Украинага берген сооттолгон техникасынын чекесинен жок болуп жатышы аталган өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн кесипкөй эместигинен кабар берет. Бул тууралуу Ouest-France баяндамачысы Филипп Шаплого шилтеме кылып РИА Новости жазды.
"Өткөн аптанын соңунда болгон ири жоготууларды жакшы жабдылган, тиешелүү машыгуудан өткөн, бирок тажрыйбасыз экипаждын согушта такшалбагандыгына шылтап коё алабызбы? Тилекке каршы, экипаждын жөндөмсүздүгүн Запорожьенин түштүк тарабында жок кылынган, атылып, талкаланган украиналык 15 танканын сыныктары далилдеп турат", — деген журналист.
Анткен менен автор батыштын аналитиктери Украинанын Куралдуу күчтөрү согуштун бардык эрежелери боюнча иш алып барып жатканын бекемдегенинен тайбай келерин айткан. Аларга болгону Россия армиясынын күчү менен бекем коюлган коргонуу линиясы тоскоол болуп жатканын белгилешкен.
Мындан сырткары, Шапло украиналык аскерлердин коргонуу линияларын жарып өтүү аракети абадан жасалуучу жана артиллерия менен аткылай турган колдоонун аздыгынан улам максатына жетпей калган деп түкшүмөлдөдү.
Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу өткөн аптада украиналык аскерлер фронттун ар кыл тилкелеринде мурдатан эле айтып келишкен алдыга жылуу боюнча кадамдарын жасагандыгын айтты. Буга алар арбын сандагы аскер менен техникаларды пайдаланышкан.
РФ лидери Владимир Путин Киев кеминде 160 танкасы менен сооттолгон 360 автоунаасынан ажырагандыгын белгилеген. Россия Батыш берген согуштук машиналардын жалпы көлөмүнүн 25-30 пайызын жок кылганы айтылды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Пушилин: Украина күчтөрү Артемовск коргонуусун жарып өтүүгө аракеттенүүдө