Радио

Майлуу тамакты 12 жашка чейинки балдар сиңире албайт. Адистин түшүндүрмөсү

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын педиатрия кафедрасынын профессору, туура тамактануу боюнча адис Турсун Мамырбаева балдардын тамактануусу боюнча айтып берди.
Sputnik
12 жашка чейинки балдар майлуу тамакты сиңире албайт. Бул тууралуу Турсун Мамырбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, балдардын уйку бези майды сиңире турган ферментти иштеп чыкпайт.
"Балдардын ашказаны кичинекей болгону менен алардын калорияга болгон муктаждыгы көп. Анткени алар өсүп жатат, кыймылдуу болушат. Балдарда туура эмес тамактан пайда болгон илдеттер тез өрчүйт. Адистер ымыркайды алты айга чейин эмизип, андан кийин тамак аралаштыра баштоо зарылдыгын белгилеп келишет. Бала жалгыз эле кашага көнбөстөн ар түрдүү тамактын даамын билиши керек. Учурда ата-энелер таттуу сок берип, натыйжада балдар тамак жебей калууда. Анткени соктун курамындагы шекер канга киргенде курсак тоюп калгандай сезим калтырат. Ошондуктан баланын суусунун кандыруу үчүн жөнөкөй эле суу бериш керек. Мындан тышкары, баланын уйку бези 12 жаштан кийин талаптагыдай иштей баштайт. Ага чейин майды сиңире турган ферментти чыгарбайт. Ошондуктан 12 жашка чейинки балдарга майлуу тамак берип, алардын ичеги-карынын бузбаш керек. Анткени майлуу тамакты баланын организми сиңире албайт", — деди Мамырбаева.
Ошондой эле ал балдарга таттуу бербей, такыр болбой жатса тамактан кийин берүү керектигин кошумчалады.