Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Пушилин: Украина күчтөрү Артемовск коргонуусун жарып өтүүгө аракеттенүүдө

Артемовск толугу менен атайын операциядан кийин 220 күн өткөн соң, 21-майга караган түнү бошотулган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Украинанын аскер күчтөрү Артемовск коргонуусун жарып өтүүгө жана россиялык бөлүктөрдүн чабуулуна жол бербөөгө аракет кылып жатат. Бул тууралуу Донецк элдик республикасынын башчысынын милдетин аткарган Денис Пушилин РИА Новостиге билдирди.
"Каршы тарап биздин коргонуубузду жарып өтүүгө жана чабуул жасатпоого катуу далалат кылып жатат. Бирок биздин даярдыгыбыз жакшы, ал жактагы бөлүктөр арасындагы байланыш жолго коюлган", — деди Пушилин.
Анын айтымында, Россиянын Куралдуу күчтөрү коргонууну жарып өтүүгө жол бербей, Артемовскинин аткыланышын болушунча азайтууга бардык чараларды көрүп жатат. Ал аталган аймакты бошотуу процессинде украин топтору камсыздалып жаткан негизги жолдор буулганын, бирок азыркы аба ырайы курал-жаракты талаалар аркылуу өткөрүүгө мүмкүнчүлүк жаратканын белгиледи.
Пушилин анткен менен абал турукташып келе жатканын, россиялык аскер адамдары кырдаалга толугу менен көзөмөл жүргүзүп жатканын кошумчалады.
Эскерте кетсек, РФ Коргоо министрлиги Артемовск толугу менен атайын операциядан кийин 220 күн өткөн соң, 21-майга караган түнү бошотулганын жар салган. Президент Владимир Путин "Вагнер" тобу менен жалпы Куралдуу күчтөрдү куттуктаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Америкалык техника жапырт кыйроодо. АКШ мифологиясы суу кечпей барат...