Акылбек Жапаров Баткендеги үйлөрдүн сапатын текшерди. Сүрөт

Акылбек Жапаров ишкерлерди колдоо боюнча иштерди улантууну тапшырды.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен районуна караштуу Капчыгай, Ак-Сай, Достук айылдарындагы курулуп бүткөн үйлөрдүн сапаты менен таанышты. Бул тууралуу анын маалымат кызматы билдирди.
1 / 8

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен районуна караштуу Капчыгай, Ак-Сай, Достук айылдарындагы курулуп бүткөн үйлөрдүн сапаты менен таанышты

2 / 8

Бул аймакта 2022-жылдын 14-17-сентябрындагы каргашалуу окуялардын натыйжасында Баткен районунда жалпысынан 316 үй талкаланган

3 / 8

Учурда 315 үйдүн курулушу аяктады

4 / 8

Маалыматка караганда, аймактардын инфраструктурасы жакшыртылып, ички жолдорго асфальт төшөлдү

5 / 8

Ошондой эле ар бир үйгө коммуникациялар тартылууда

6 / 8

Алдыдагы окуу жылына карата 275 жана 100 орундуу жалпы орто билим берүү мектебинин курулушу бүткөрүлөт

7 / 8

Жапаров айылдардын тургундары менен жолугуп, алардын көйгөйлөрүн уккандан кийин суроолоруна жооп берди

8 / 8

Акылбек Жапаров ишкерлерди колдоо боюнча иштерди улантууну тапшырды.

Бул аймакта 2022-жылдын 14-17-сентябрындагы каргашалуу окуялардын натыйжасында Баткен районунда жалпысынан 316 үй талкаланган. Учурда 315 үйдүн курулушу аяктады.
Маалыматка караганда, аймактардын инфраструктурасы жакшыртылып, ички жолдорго асфальт төшөлдү. Ошондой эле ар бир үйгө коммуникациялар тартылууда.
Алдыдагы окуу жылына карата 275 жана 100 орундуу жалпы орто билим берүү мектебинин курулушу бүткөрүлөт. Жапаров айылдардын тургундары менен жолугуп, алардын көйгөйлөрүн уккандан кийин суроолоруна жооп берди.
"Жолугушууга катышкан Экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сеитов 2022-жылдын 14-17-сентябрындагы кайгылуу окуялардын натыйжасында Баткен облусуна келтирилген жалпы зыяндын көлөмү 3,6 миллиард сомду түзгөнүн маалымдады. Аны менен катар мамлекет тарабынан ишкерлерге 300 миң сом өлчөмүндө бир жолку жардам бөлүнгөнүн, мамлекеттик банктар ишкерлерге жеңилдетилген насыяларды бергенин билдирди", — деп айтылат маалыматта.
Акылбек Жапаров ишкерлерди колдоо боюнча иштерди улантууну тапшырды.
Баткенге аткезчилик менен дары-дармек алып кирген машина кармалды