Спецназ Ташиевдин уулумун деген кишини уктап жаткан жеринен кармап кетти. Видео

УКМК мамлекеттик органдардын жетекчи кызматкерлеринин, ошондой эле алардын жакын туугандарынын атын сатып кылмыш жасагандарга катуу чара көрүлөрүн эскертет.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулумун деп алдап башка адамдардын мүлкүн тартып алган адамдар кармалды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдирди.
Маалыматка караганда, Д.С., К.Ж. жана РФ жараны Д.Б. акчасын жана автоунаасын мыйзамсыз ээлеп алган "Адилет" аттуу кылмыштуу топтун мүчөсүнө карата чара көрүүнү суранып УКМКга кайрылышкан.
"Кармалган Н.А.Х. жана Д.Т.А. аттуу жарандар өздөрүн УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу катары тааныштырып, коркутуу жана алдоо жолу менен 2019-жылы чыгарылган Toyota Рrius үлгүсүндөгү автоунааны, ошондой эле 400 миң рублди ээлеп алышканы аныкталды", — деп айтылат маалыматта.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту ("Өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык") боюнча иш козголгон. Шектүүлөр УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы тапта УКМК бул кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө. Ошондой эле башка ушул сыяктуу мыйзамсыз фактыларга тиешеси бар адамдарды аныктоодо.
УКМК мамлекеттик органдардын жетекчи кызматкерлеринин, ошондой эле алардын жакын туугандарынын атын сатып кылмыш жасагандарга катуу чара көрүлөрүн эскертет.
Мындай фактылар болгон учурда УКМКнын нөөмөт бөлүмүнө 0312620585, 0312660475 номерлери аркылуу кайрылууга болот.
УКМК: жаратылышты коргоо үчүн алган каражатка бизнес курган кызматкер кармалды