Кыргызстандыктарга Казакстандын ЖОЖдорунда билим алуу үчүн 50 орун берилет

Документтердин толук эмес пакетин камтыган өтүнмөлөр автоматтык түрдө четке кагылат.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги 2023-2024-окуу жылына карата Казакстандын жогорку окуу жайларында билим алууну каалаган кыргызстандыктар арасында ачык конкурс жарыялады.
Маалыматка ылайык, Казакстан кыргызстандыктарга стипендиялык программанын алкагында бакалавриат, магистратура жана резидентура программалары боюнча окуу үчүн 50 орун бөлөт.
Конкурстук тандоого катышуу үчүн сайтындагы "2023-2024-окуу жылына Казакстан Республикасынын ЖОЖдоруна кабыл алуу" бөлүмүнө катталып, тиешелүү документтерди 2023-жылдын 22-июну саат 23:59га чейин жүктөш керек.
Документтердин толук эмес пакетин камтыган өтүнмөлөр автоматтык түрдө четке кагылат.
Кыргызстан менен Россиянын билим берүү ведомстволору кызматташат