Кыргызстанда которулган акчаны кайра доллар менен алууга уруксат берүү каралууда

Учурда акча кайсы валютада жөнөтүлгөнүнө карабастан Кыргызстандан сом менен же ошол мамлекеттин валютасында гана алууга мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук банкы акча которуулар жөнүндөгү (эсеп ачпастан) өзүнүн токтом долбоорун коомдук талкууга койду.
Эске салсак, өткөн жылдын апрель айында акча которуулардын эл аралык системасы аркылуу каражат которуунун эрежеси өзгөртүлгөн. Ага ылайык, акча кайсы валютада жөнөтүлгөнүнө карабастан Кыргызстандан сом менен же ошол мамлекеттин валютасында гана алууга мүмкүн болчу. Мисалы, Казакстандан доллар которулса сом же теңге менен гана алууга болот. Ал эми доллар америкалык валюта менен жана тек гана АКШдан которулган учурда берилет.
Улуттук банк валюта рыногундагы абал турукташканын жана банктарда накталай доллардын жетиштүү көлөмү бар экенин белгиледи. Буга байланыштуу кайсы валюта жөнөтүлсө ошону берүүгө убактылуу уруксат берүү сунушталууда.
Муну менен катар эгер спекулянттардын айынан чет элдик валюта тышка агыла баштаса, Улуттук банк ички рынокту коргоо үчүн чара көрөт.
АКШнын финансы министри санкциялардын долларга тийгизген кесепетин айтты