БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik, Михаил Воробьев. Армения, Беларусь, Кыргызстан, Казакстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын премьер-министрлери өткөн аптада КМШда Кызмат көрсөтүүлөрдү эркин соодалоо жөнүндөгү макулдашууга кол коюшту. Мындай саамалыкка Сочиде өткөн Шериктештикке кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын кеңешинде күбө болдук.
11 жылдан бери ийне-жибине чейин талданып келген бул документ эмнелерди камтыйт? Анын аткарылышы кандай нерсеге алып келет? Ушул жагын Sputnik агенттиги эксперттерден сурап билди.
Жаңы макулдашуунун зарылдыгы эмне?
2012-жылдан бери КМШда эркин соода зонасы тууралуу келишим иштейт. Анын алкагында шериктеш өлкөлөрдүн ортосундагы товар айлантуу пошлинасыз, Дүйнөлүк соода уюмунун эрежелерине жараша жүргүзүлөт. Эми ошондой эле макулдашуу тейлөө жаатында да түзүлдү.
Документ кеминде шериктеш үч мамлекет тарабынан ратификациялангандан бир айдан (30 күндөн) кийин күчүнө кирет. Мындай жол-жобого бир жылдай убакыт кетет. Келишим эки бөлүктөн турат. Биринчисинде транспорттук, юридикалык, консалтингдик, каржылык, курулуш жана башка кызматтар рыногуна чыгуу шарттары каралган. Экинчи бөлүгүндө бөлөк өлкөлөрдө, ириде айыл чарба жана өнөр жай багытында ишкана түптөө мүмкүнчүлүгү туурасында айтылган.
РФтин экономикалык өнүгүү министри Максим Решетников бул башка өлкөлөрдүн рыногуна баш багып, эркин түрдө компания түзүп, инвестиция салып, иштеп жана өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүгө умтулган россиялык бизнес үчүн өтө маанилүү экенин белгилеген. Бул туурасында аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирет.
Министрдин айтымында, макулдашуунун дал ошол экинчи бөлүгүнүн тегерегинде талкуу көп болгон, анткени ар бир мамлекет бул багытта белгилүү бир чектөөлөрдү сактап калууну көздөгөн. "Биз "уруксат берилген нерсеге гана уруксат" деген принциптен "түз тыюу салынбаган нерселердин баарына уруксат" деген принципке өттүк. Ар бир өлкө тыюу салуулардын толук тизмесин түзүп, алардын баары келишимде көрсөтүлдү", — деди россиялык министр.
Россияда стратегиялык компанияларга чет өлкөлүк инвестициялардын салынышына, Тажикстанда тоо-кен өнөр жайы, Өзбекстанда атомдук энергетика, электр жана машина куруу тармагында чектөөлөр сакталат.
Кесепеттери
Сочиде кол коюлган макулдашуу КМШ алкагында кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногун түзүүнү туюндурарын айтат Социалдык-экономикалык изилдөөлөр институтунун директору Алексей Зубец.
"Эгер келишим милдеттүү мүнөзгө ээ болуп постсоветтик мейкиндикте тейлөө жааатында Россия үчүн рыноктордун ачылышын тастыктаса, анда бул эбегейсиз жетишкендик болмок", — деди ал.
Эксперттин баамында, РФ КМШ рынокторунда негизги оюнчуга айлана алат, себеби Шериктештикте россиялык ири, анын ичинде каржы жана инвестициялык ишканаларга потенциалы жагынан салыштырууга мүмкүн болгон ишкана эч бир жерде байкалбайт.
"Постсоветтик мейкиндикте Сбербанк менен тең келе алчусу жок. Камсыздоочу рынокту эле мисалга алалы, "Ингосстрах", "Росгосстрах", "Альфа-страхование" – дүйнөлүк деңгээлдеги түзүмдөр. Алар жергиликтүү компаниялар көрсөтө албаган тейлөөнү сунуштай алышат", — деп тактап өттү Зубец. Ал макулдашууга колдун коюлушу КМШнын карапайым жашоочуларынын турмушуна жакшы таасирин тийгизерине ишенет.
"Калк үчүн бул жакшы. Алар кыйла арзан баада сапаттуу тейлөө ала алышат. Натыйжада тоскоолдуктардын басаңдашы менен керектөөчүгө пайдасы көп: атаандаштык күч алып, бул сапатты жогорулатып, бааны төмөндөтүүгө өбөлгө. Мындай ою менен РФтеги Макроэкономикалык анализ жана кыска мөөнөттүү болжоо борборунун реалдуу сектор багытынын жетекчиси Владимир Сальников бөлүштү. Бирок так кайсы багыттарда мындай иштер аткарыларын ал айта алган жок. Ошол эле учурда эксперт КМШ өлкөлөрүнүн экономикалар масштабындагы бир топ айырмачылыктар болгон шартта да атаандаштыкты сактап калуу зарылдыгына көңүл бурууга чакырат.
"Эгер ар кандай масштабдагы мамлекет соода жүргүзсө, анда чоң өлкө атаандаштык күрөш алкагындагы жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү басып коет. Андай көрүнүшкө жол бербей, өз-өзүнчө жөнгө салуу абзел", – дейт ал.
Өз ара пайдалуу алмашуу
Россия мамлекеттик гуманитардык университетинин постсоветтик чет өлкөлүк мамлекеттер кафедрасынын башчысынын орун басары Александр Гущин РФ компаниялары КМШ өлкөлөрүнүн рыногуна оңой кирип, аларга тейлөө тармагын өнүктүрүүгө көмөкчү боло аларын белгиледи.
Россия мамлекеттик гуманитардык университетинин постсоветтик чет өлкөлүк мамлекеттер кафедрасынын башчысынын орун басары Александр Гущин
© Sputnik / Нина Зотина
"Бир жагынан россиялык ишканалар чектешкен мамлекеттердин кызматтарынан пайдалана алышат. Бул айрыкча азыр – логистика өзгөрүп жаткан шартта өтө маанилүү", – дейт эксперт. Анын айтымында, кызмат көрсөтүүлөрдү эркин соодалоо жөнүндөгү макулдашуу банк, транспорт, кампа жана логистикалык тармактарды чыңдайт.
"Келишим КМШ өлкөлөрүнүн баарынын ортосундагы товар жүгүртүүнүн, өз ара инвестициялардын өсүшүн, өндүрүштүк байланыш, эң башкысы, ушул биримдик алкагында наркты түзүүнүн жаңы чынжырын түптөөнү өбөлгөлөйт", – деди Г.В.Плеханов атындагы Россия экономикалык университетинин экономикалык теория кафедрасынын доценти Екатерина Новикова.
Ал Россия 2021-жылы КМШ өлкөлөрүнө 8 миллиард долларга кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоп, ал бардык тейлөө көрсөтүүнүн 11 пайызын түзгөнүн эске салды. "Мындай макулдашууга кол коюу тигил же бул кызмат көрсөтүү, анын ичинде бажы төлөмдөрү жана тарифтери карапайым жарандарга ылайык болушу үчүн КМШ мүчөлөрүнүн мыйзамдарын бир түргө салууну талап кылары турулуу", — деп кошумчалады эксперт.