Бир жылдан бери айтылып-жазылып, бирок русофобдор келекелеп келген нерсе ишке ашты. Америкалык Bloomberg эки макала жарыялап, Европанын саясий элитасы моюндоодон баш тартып келген сөздү тастыктап берди. Басылма Германиянын вице-канцлери жана экономика министринин кебинен үзүндү келтирген. Кырдаалга баам салган журналист Сергей Савчуктун макаласын РИА Новости жарыялады.
Бад-Заров общинасында өткөн экономикалык форумда сүйлөп жатып Роберт Хабек эч уялбай эле Германиянын өнөр жайы кышка маал оор каатчылыкка тушугуп же таптакыр эле ишин токтото турганын айтты. Камдуу киши кышка жайында даярданат эмеспи, ал эми эреже, убакыт-саат дегенге так келген немецтер бул жагынан дайым алдыда болуп келген.
Өлкөнүн экономикалык абалынан толук кабардар болгон Роберт Хабек кыйроого россиялык жаратылыш газы себепкер деп жатат. Эскерте кетсек, Россия экономикасы талкаланат деген үмүт менен дал ушул газдан Евробиримдик баш тарткан эле. Каржы-энергетикалык кыйроону көздөй баратканын сезе калган Олаф Шольцтун командасындагы вице-канцлер эми ошол баш тартуусунун кесепетин тартып жатат: чыгыштан келчү импортту алмаштырууга болбоду, өздөрүндөгү көлөм жетишсиз. Анын үстүнө Европада жылытуу мезгили башталган сентябрдын соңунда баа кандай өзгөрөрүн азыр эч ким боолголой албайт.
Бул башталышы гана, узун сөз алдыда.
Дагы бир жагымсыз фактор — ишенчээк адамдардын башын айлантууга жардам берген айтылуу европалык биримдик. Жаратылыш газын ЕБ мүчөлөрү экономикасынын көлөмүнө жана жалпы керектөөсүнө жараша үлүштүк катышта алат, бул үчүн атайын бекитилген норма бар. Хабек Берлин өзүндө энергоресурстун тартыш экенине карабастан чыгыш (Польша деп окуган туура) мамлекеттерин газ менен камсыздоого милдеттүү экенин ачык эле айтты. Башкача айтканда, элден акыркы көгүлтүр отту тартып алып, араң жан турган Польшанын экономикасын сактап калмакчы. Варшава ЕБ ичинде эң ири финансылык дотацияда отурат, башка сөз менен айтканда, буга чейин эле Германиянын мойнунда болуп келген.
Залдагы эл айтылгандарды аңдап түшүнгүчө Роберт Хабек биротоло эсти оодара турган үчүнчү соккусун узатты.
Тармактагы адистердин баары бир ооздон Россия түпкүрүндө учурдагы газ экспорту боюнча келишимдерди узартууга да, кеңейтүүгө да даяр экенин айтып келишет. Бирок "Түндүк агымдардагы" жардыруудан кийин түтүктүн газ алып өтүү мүмкүнчүлүгү кыйла кыскарды, анын үстүнө Брюсселдин оңтойсуз абалынан улам Москва эми жаңы келишимди таптакыр башка шарт менен түзөрү белгиленип келет. Албетте, Украина тууралуу сөз да жок, батыш аналитиктери да анын Россия менен сүйлөшүүгө барбай турганын айтышууда.
Кырдаалды жөнгө салууга рынокко чыгарылып жаткан АКШнын суюлтулган газы да жардам бере алган жок.
Германия министри өлкөнүн түндүгүндө салынып жаткан жалгыз регазификациялык терминалдын курулушу үзгүлтүккө учурап жатканын эске салды. Күтүүсүз болсо да бул жерде Россиянын айыбы жок. Курулушка жергиликтүү тургундар жана жаратылышты коргогон уюмдар каршы чыгып жатат, алар мындай объект экологияга олуттуу зыян келтирет деген ишенимде. Мындай бүтүм жашыл экономика тууралуу айтып келген Берлиндин деле позициясына үндөш, бирок азыр өлкө бийлиги өзү түптөгөн эрежеге каршы чыгууда.
Bloomberg экинчи макаласында абалдын чындап оор экенин белгилеген. Эми өнөр жайчылар, анын ичинде RWE AG концернинин өкүлдөрү Украинанын батышындагы жер алдында жайгашкан газ сактоочу жайларды пайдалануу менен Германиянын реалдуу секторун сактап калууга болобу деп ойлонуп жатышканы келтирилген. Учурда Европанын өзүнүн кампалары 70 пайызга, ал эми Львов облусундагы кампалардын үчтөн бир бөлүгү гана толгон. Аларды толтуруп туруп, газды Словакияга, Польша, Австрия жана Германияга жөнөтсө, бул көлөм жалпы керектөөнүн 10-15 пайызын жаба алат.
Ал арада статистика коомчулукту козутууда.
Өткөн бир жарым жылдын аралыгында Евробиримдик рыноктогу дүрбөлөңдү алдын алып, энергоресурсту асман чапчыган баа менен сатып алган керектөөчүлөргө зыяндын ордун толтуруп берүү үчүн 646 миллиард евро короткон. Bruegel аналитикалык агенттиги интервенция дал ушундай суммага жасалып келгенин билдирген. Салыштыруу үчүн айтсак, Россиянын аскердик бюджетин батыш адистери 65-70 миллиард долларга баалап келет, бул болжол менен Евробиримдик экономикасын кармап туруу үчүн сарптаган суммадан он эсе аз көрсөткүч.
Украина схемасынын деле өз артыкчылыгы бар.
Газ сактоочу кампалар согуштук аракеттер жүрүп жаткан жерден кыйла алыс, жакын жайгашкан өлкөлөрдү бул жайлар менен түтүктөр байланыштырып турат, андыктан газды ушул жактан алуу Европа үчүн ыңгайлуу болмок. Бирок мындагы көйгөй ачык айтылбай келет: Украинадагы жер алдында жайгашкан газ сактоочу жайларды россиялык газ менен гана толтурууга болот. Ал эми каршылашууга катыштыгы бар тараптардын кийлигишүүсү менен бул жол акырындап жабылууда.
Эл ичинде Олаф Шольц үзөңгүлөштөрү менен кышка камылга көрүп, бир-эки дуба үйрөнүп алганы оң дегендер да бар. Чын эле, кереги тийип калчудай болуп турат.