Борбордук банктын жетекчиси дүйнөлүк экономикалык кризис тууралуу оюн айтты

Sputnik
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Глобалдык экономикалык кризис келет деген божомол бар. Бирок дүйнө Сцилла менен Харибданын ортосунан өтүп кетти. Бул тууралуу Петербургдагы эл аралык экономикалык форумда РФтин Борбордук банкынын төрайымы Эльвира Набиуллина билдиргенин РИА Новости жазды.
"Сцилла менен Харибданын ортосунда" деген фразеологизм кимдир бирөө эки коркунучтун ортосунда калганын түшүндүрөт.
Бүгүн дүйнөлүк экономикада бир нече көйгөйлүү нерселер бар. Мисалы, АКШ менен Европада банк кризисинин коркунучу өсүп жатат. Буга чейин бир катар ири банктар кыйраган. Алардын эң белгилүүсү швейцариялык Credit Suisse. Муну менен катар кредиттик уюмдардан акчасын чыгарып кеткендер көбөйүп, насыялык кызмат көрсөтүү тармагында көйгөйлөр күчөп барат.
Мындан тышкары, кээ бир өнүккөн мамлекеттерде экономиканын өсүү темпи төмөндөөдө.
ВЭБ жетекчиси: юань глобалдык резервдик валюта болуп калды