Бишкек тургунунун короосундагы кара куурай "плантациясынын" асмандан көрүнүшү

Кара куурайдын салмагы 130 килограммды түзгөн. УКМК учурда тергөө жүргүзүп жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Бишкекте жашаган кишинин короосунан өстүрүлүп жаткан кара куурайды табышканын УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Аны аярлап, "суук көзгө" чалдыктырбай өстүрүп жүрүшкөн.
Бул фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 288-беренесинин ("Баңгизат каражаттарын камтыган өсүмдүктөрдү себүү жана өстүрүү") негизинде иш козголгон.
1 / 3

Бишкекте жашаган кишинин короосунан өстүрүлүп жаткан кара куурайды табышканын УКМКнын маалымат кызматы кабарлады

2 / 3

Аны аярлап, "суук көзгө" чалдыктырбай өстүрүп жүрүшкөн

3 / 3

Бул фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 288-беренесинин ("Баңгизат каражаттарын камтыган өсүмдүктөрдү себүү жана өстүрүү") негизинде иш козголгон

"2023-жылдын 13-июнунда Бишкек шаарында Ч.Б.Т. аттуу жарандын үйүн тинтүү учурунда короосунан ири өлчөмдө өстүрүлгөн кара куурай бадалдары табылган. Текшерүүдө алардын жасалма түрдө өстүрүлүп жатканы жана кылдаттык менен кам көрүлгөнү байкалды", — деп айтылат маалыматта.
УКМКдан бардык жагдайларды тактоо боюнча кошумча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын айтышты.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет курамында баңгизат, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду камтыган, өстүрүүгө тыюу салынган өсүмдүктөрдү себүү, өстүрүү кылмыш болуп саналарын жана мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартыларын эскерткен.
ИИМ: Чүй облусунун жашоочусунун үйүнөн баңгизат лабораториясы табылды. Видео