А. Жапаров: Баткендеги кагылышта талкаланган 417 үйдүн 416сы курулуп бүттү

Үйлөрдү курууга республикалык бюджеттен 1,3 миллиард сомдон ашуун каражат бөлүнгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Баткендеги кагылышта талкаланган 417 үйдүн дээрлик бардыгы курулуп бүткөнүн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Жапаров былтыр 14-17-сентябрда Лейлек районунун бир катар айылдарында каргашалуу окуядан жабыркаган үйлөрдүн курулушу менен таанышкан.
1 / 3

Баткендеги кагылышта талкаланган 417 үйдүн дээрлик бардыгы курулуп бүткөнүн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди

2 / 3

Жапаров былтыр 14-17-сентябрда Лейлек районунун бир катар айылдарында каргашалуу окуядан жабыркаган үйлөрдүн курулушу менен таанышкан

3 / 3

Белгилей кетсек, үйлөрдү курууга республикалык бюджеттен 1,3 миллиард сомдон ашуун каражат бөлүнгөн

“Текшерүүнүн жүрүшүндө Баткен облусу боюнча жалпысынан 417 турак-жай жабыркаганы, бүгүнкү күндө 416сынын курулушу бүткөрүлгөнү айтылды. Ак-Сай айылында жайгашкан бир үй 2 күндүн ичинде бүтөт”, — деп жазылган маалыматта.
Белгилей кетсек, үйлөрдү курууга республикалык бюджеттен 1,3 миллиард сомдон ашуун каражат бөлүнгөн.
Акылбек Жапаров өзгөчө макамга ээ болгон Баткен облусун өнүктүрүү мамлекеттин приоритеттүү багыты экенин белгиледи.
Алар өлүм менен бет келген. Жапаров чек арачыларга компенсация берүү боюнча айтты