Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШда Украинанын контрчабуулдагы жоготууларынын масштабы айтылды

Эксперттин айтымында, абадан коргоонун жоктугунан украиналык аскерлердин фронттун линиясын жарып өтүү аракети оңунан чыкпай калды.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Украинанын Куралдуу күчтөрү контрчабуулду баштагандан тарта болуп көрбөгөндөй жоготууларга учурап жатканы операциянын көп узабай ойрон болорунан кабар берет. Бул туурасында Judging Freedom YouTube каналына ЦРУнун мурдагы аналитиги Ларри Жонсон айтып бергендигин РИА Новости жазды.
"Өтө көп сандагы сооттолгон украиналык танкалар менен техника жөн эле жок кылынып жатат. Ал эми мерт болгон жоокерлердин саны менин эсебим боюнча,.. берки тараптын бир жоокерине сегиз, тогуз, ал тургай ондон туура келип жатат", — деди ал.
Эксперттин айтымына караганда, украиналык күчтөрдүн фронттун линиясын жарып өтүү аракети абадан коргоонун жоктугунан ордунан чыккан жок. Мындан сырткары, Украинанын Куралдуу күчтөрүндө мобилдик артиллерия менен абадагы чабуулдан коргонуучу комплекстеринин зарыл болгон саны жок.
Мурдараак РФ президенти Владимир Путин Украинанын контрчабуулу башталгандан берки Россиянын жоготуулары каршылаштарга караганда он эсеге аз экендиги Киевдин планынын оңунан чыкпай калышынан кабар берерин айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Контрчабуул максатына жетпейт. Батыш куру кыялга алданууда