БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Бишкекте Эпос айтуучулардын биринчи дүйнөлүк форуму өтүп жатат. Ага Монголия, Өзбекстан, Башкыртстан, Алтай, Тыва, Саха-Якутия, Хакасия, Калмыкиядан келген өнөр ээлери катышууда.
Эскерте кетсек, форум "Манас" улуттук академиясы тарабынан демилгеленген. Академиянын президенти Талантаалы Бакчиев эгер буга чейин айтуучулук өнөр академиялык нуктан таанылып келсе, эми өнөр ээлеринин өздөрүнүн пикирин угуп, ой бөлүшүүгө мезгил жеткенин белгилеген.
Аталган форум президент Садыр Жапаровдун "Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – "Манас" эпосунун үчилтигин ар тараптан изилдөө жана даңазалоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө жарлыгын ишке ашыруу үчүн 2023-27-жылдарга карата түзүлгөн иш-чаралардын планын аткаруу максатында өткөрүлүп жатат.
Иш-чарага катышып жаткан мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов кыргыз эли кандай аянтчада, кандай ыкма менен болсо да улуттун уңгусу, уюткусу болгон "Манас" эпосун дүйнө элдерине таанытып турушу керек экенин белгиледи.
© Sputnik / Аяна Байтемирова
"Кыргыз мамлекетинде эл аралык форум болду" деп дүйнөгө таркатчу адамдардын келгени бизди аябай кубандырат. Эпос айтуучулардын биринчи эл аралык форумун президент Садыр Жапаровдун кыргыз мамлекетиндеги идеологиялык жагдайды өнүктүрүү, өзөгүбүзгө кайтуу, өз салтыбызды даңазалоо, өнүктүрүү жаатындагы жети жарлыгында камтылган иш-чаралардын орчундуу бөлүгү деп эсептейм. "Манас", "Семетей", "Сейтек", дагы толгон-токой кенже эпосторубузду кеңири жайылтып, түрк дүйнөсүндө, дүйнөлүк деңгээлде болгон бардык аянтчаларда даңазалаганыбыз абзел. Кандай аянтчада, кандай ыкма менен болсо да улуттун уңгусу, уюткусу болгон "Манас" эпосубузду дүйнө элдерине таанытып турушубуз керек", — деди Касмамбетов.
Форум расмий ачылган соң бүгүн саат 17.00дө Улуттук тарых музейинде чет жактан келген айтуучулардын өнөрүнө күбө болууга болот.
Иш-чара эртең Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Жыргалаң айылында уланат. "Манас" академиясы эң оболу айтуучунун азыркы коомдогу орду, ролу жана келечеги талкууга алынарын билдирген. Маалыматта эпос жана айтуучусу бар ар бир элдин улуттук мүнөздөгү көйгөйлөрү бар экени, аларды чечүүдө эпос да, анын айтуучусу да өзгөчө роль ойной турганы айтылган.
Эркин диалог форматында өткөрүлчү форум ишин 18-июнда жыйынтыктайт.