БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "№99 кесиптик лицейи мекемесине өзгөчө статус берүү жөнүндө" жарлыкка кол койгонун маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, окуу жай эми президентке караштуу болот. Кабарда маалыматтык технологиялар тармагындагы адистер дүйнө жүзү боюнча ар кандай товарларды жана кызматтарды өндүрүү менен алектенген компанияларда абдан популярдуу экени белгиленген. Мындан улам башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында IT-адистерди сапаттуу даярдоого көңүл буруу керектиги айтылды.
"Лицей IT-багыттар боюнча башталгыч кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү, эмгек рыногунда талап кылынган атаандаштыкка жөндөмдүү жаштарды даярдоо максатында түзүлүп жатат", — деп жазылат билдирүүдө.
Жарлыкка ылайык, аталган окуу жайга кеңири финансылык автономия жана академиялык эркиндик берилип, "Кыргыз Республикасынын президентине караштуу №99 маалыматтык технологиялар кесиптик лицейи" мекемеси деп аталат.
Лицей негизги билим берүү программаларынын мазмунунун милдеттүү минимумуна талаптарды эске алуу менен билим берүү стандарттарын өз алдынча иштеп чыгууга жана бекитүүгө укуктуу. Мындан тышкары, билим берүүдөн, окуу-өндүрүштүк жана мыйзамдарда тыюу салынбаган башка иштен киреше алып, аны ишти жакшыртууга жана материалдык-техникалык базаны өнүктүрүүгө жумшай алат. Буга катар башкаруунун ички түзүмүн жана кызматкерлердин штаттык санын өз алдынча аныктап, акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарын көрсөтүү үчүн тарифтерди өз алдынча түзүүгө жана бекитүүгө укугу болот.