УКМК: жаратылышты коргоо үчүн алган каражатка бизнес курган кызматкер кармалды

Долбоорлор экологиялык жана башка экспертизалардан өтпөстөн каржыланган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. "Жаратылышты өнүктүрүү фонду" менен Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызмат адамдарынын коррупциялык иши аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Ыкчам жана атайын тергөө иш-чараларын жүргүзүүнүн натыйжасында, туунду долбоорлорду негизсиз каржылап, айрым компаниялардын кызыкчылыгын коргоо менен каражат бөлүп туруучу коррупциялык схема түзгөн деп фонддун директору К.Ж.Т. кармалган.
1 / 2

"Жаратылышты өнүктүрүү фонду" менен Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызмат адамдарынын коррупциялык иши аныкталды

2 / 2

Ыкчам жана атайын тергөө иш-чараларын жүргүзүүнүн натыйжасында, туунду долбоорлорду негизсиз каржылап, айрым компаниялардын кызыкчылыгын коргоо менен каражат бөлүп туруучу коррупциялык схема түзгөн деп фонддун директору К.Ж.Т. кармалган

Маалыматка караганда, 2021-жылдан бүгүнкү күнгө чейинки мезгилде Кыргызстандын курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча долбоорлоруна "Кумтөр Голд Компани" жыл сайын 3 миллион 700 миң доллар (325 миллион сом) бөлүнүп турган. Үч жылдык каржылоонун жалпы суммасы 976 миллион 800 миң сомго жакын.
"К.Ж.Т. 2021-жылдан бери Жаратылыш ресурстар министрлигинин кызмат адамдары менен сүйлөшүп алып, фонддун каражатынан мыйзамсыз киреше алуу жана жеке баюу максатында жаратылышты коргоо долбоорлоруна деп ар кандай уюмдарга 400 миллион сомдон ашык каражат чегерген. Бирок иш жүзүндө ал акча жеке бизнести уюштурууга пайдаланылган. Долбоорлор экологиялык жана башка экспертизалардан өтпөстөн каржыланган. Ал эми Жаратылыш ресурстары министрлигинин жетекчилиги Фонддун каражатынын чыгымдалышына тийиштүү көзөмөлдү камсыз кылган эмес", — деп айтылат маалыматта.
К.Ж.Т. УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.
Учурда жогоруда аталган коррупциялык схемага тиешеси бар кызмат адамдарын жана башка тараптарды аныктоо боюнча зарыл болгон ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Маалымат үчүн: "Жаратылышты өнүктүрүү фонду" коомдук фонду – Кыргызстанда айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылышты коргоо менен байланышкан социалдык, кайрымдуулук, маданий-агартуу жана башка коомдук пайдалуу коммерциялык эмес максаттарды көздөгөн, мамлекеттик эмес каражаттын эсебинен түзүлгөн юридикалык жак.
Ала-Букада прокуратуранын тергөөчүсү пара менен кармалды. Сүрөт