БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. ӨКМ суучулдары көл түбүндөгү таштандылардан жана браконьерлердин балык уулоочу торлорунан тазалоо ишин колго алышты. Иштин оордугуна карабастан төрт айга жетпеген убакыт ичинде 96 000 метрге жакын тор, 6 тоннага жакын таштанды чыгарышканын президент Садыр Жапаров билдирди.
Эскерте кетсек, өлкө башчы бүгүн ӨКМ куткаруучуларын сыйлоо аземине катышкан. Жапаров өз сөзүндө ар кандай кырдаалдарда адам өмүрлөрүн сактап калууда, болушу мүмкүн делген табигый кырсыктардын алдын алууда күнү-түнү даяр деп эл ишеним арткан куткаруучулардын эмгегин баалап, кышында Түркиядагы зилзаладан кийин уранды алдынан адамдарды сактап калган эрдигин белгиледи.
Муну менен катар президент Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алдына коюлган милдеттерди жогорку деңгээлде аткарып жатканына токтолду.
"Экология темасын улай көлдүк туугандарыма кайрылып кетейин. Суучулдарыбыз иштин оордугуна карабастан төрт айга жетпеген убакыт ичинде 96 000 метрге жакын тор, 6 тоннага жакын таштандыны чыгарышты. Салган торлоруңар унутулуп калып, түшкөн балыктар чирип, жыттанып кеткен учурлар аябай көп болуп жатат. Бул эмне деген акмакчылык?! 96 миң метр деген бул 96 чакырым. Көлдүн түбүнүн баары тор болуп кеткен. Келиңиздер, адам баласыбыз го акыры, балыктарга дагы 3 жыл, 5 жыл тынч жашоо бербейлиби. Мораторий кирген, балык жебей койсоңор эч нерсе болбойт", — деди президент.
Ысык-Көлдү тазалоо иштери уланып жатканын белгилеген өлкө башчы куткаруучуларга ары түйшүктүү, ары сыймыктуу кесипти аркалап, жоопкерчилик менен аткарган ишине ыраазычылык билдирди.
Президент "кудайым кыргыз элин бөөдө кырсыктан сырткары кылып, элибиз бейпилчиликте, токчулукта, тынчтыкта жашашын насип этсин" деп сөзүн жыйынтыктады.