АКШнын финансы министри санкциялардын долларга тийгизген кесепетин айтты

Sputnik
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. АКШнын санкциялары дүйнө өлкөлөрүн эсеп-кысап үчүн долларга альтернатива издөөгө аргасыз кылат. Бул тууралуу Американын финансы министри Жанет Йеллен айтканын РИА Новости жазды.
"Биз санкция киргизгенде анын таасири алдында калган мамлекеттер өз ара эсептешүү үчүн долларды алмаштыруучу инструмент издөөгө мажбур болорун тана албайбыз", — деди министр.
Бирок анткен менен, Йеллендин айтымында, бүгүнкү күндө резервдик валюта катары доллардан кыйгап өтүүгө өлкөлөрдүн басымдуу бөлүгүнүн дарамети чектелүү.
ЖМК: Батыш мамлекеттери "жооп берчү" күн келет, буга 5 себеп бар