Кыргызстанга эки жылда Россиядан 5 млрд. долларлык инвестиция келген

Аткаминер Петербург эл аралык экономикалык форумунда Россиядан келген инвестициялар тууралуу айтып берди.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Акыркы эки жылдын ичинде Кыргызстанга Россиядан жасалган инвестициянын жалпы көлөмү 5 миллиард доллардын тегерегин түздү. Бул тууралуу өлкөнүн экономика министри Данияр Амангелдиев Петербург эл аралык экономикалык форумунда сүйлөп жатып билдирди.
Анын айтымында, россиялык түз инвестициянын үлүшү жалпы структурада 2,5 пайыздан 15 пайызга чейин өсүп, 150 миллион долларга жетти. Мунун басымдуу бөлүгү кайра иштетүүчү өнөр жайына туура келген.
"Жалпы жонунан Россиянын Кыргызстанга жасаган инвестициясы акыркы эки жыл ичинде 5 миллиард долларга жетип, чет элдик инвестициянын үчтөн бир бөлүгүн түздү", — деди министр.
Кыргызстандын экономикасы жыл башынан бери 3,4%га өстү