Петербургда эл аралык экономикалык форум башталды. Видео

"Росконгресстин" маалыматына караганда, форумга 130 өлкө менен аймактан 17 миң адам катышат.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Санкт-Петербургда Петербург эл аралык форуму (ПМЭФ-2023) башталганын РИА Новостинин кабарчысы билдирди.
Бул ири иш-чара "Экспофорум" маданий көргөзмө борборунда өтүп жатат. Иштиктүү программа да өз ишин бүгүн баштады.
Форумда компаниялардын стенддеринен сырткары референдумдун жыйынтыгы менен Россияга кошулган аймактардын да такталары жайгаштырылган.
"Росконгресстин" маалыматына караганда, ПМЭФ-2023кө 130 өлкө менен аймактан 17 миң адам катышат.
Форумдун маанилүү бөлүгүнүн бири — салт болуп калган пленардык отурум.
ПМЭФ-2023түн иштиктүү негизги программалары тематикалык жактан бешке бөлүнгөн.
РИА Новости форумдагы кызыктуу видеолор менен бөлүшүүдө.
Төмөндө ПМЭФ алкагында Москванын стендинен конокторго балмуздак сунуштаган роботту көрүүгө болот. Ал таттуунун үч түрүн сунуштайт. Кызыгы, жей турган адамга балмуздакты метронун вагону менен жеткирип берет.
14-июнда башталган Петербург эл аралык форуму 17-июнда соңуна чыгат.
Москвада Кыргызстан менен Россиянын аялдар форуму кандай өттү? Видео