УКМК кыргыз-өзбек чек арасынан мыйзамсыз өткөн бангладештиктерди кармады

Чет элдиктерге көмөктөшүүгө өзбекстандык 29 жаштагы М.Н.Р. аракет кылган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июн.— Sputnik. Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган төрт бангладештик жана бир өзбекстандык киши кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлады.
Алар Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы "Кум" чек ара тилкесинде Кыргызстандан өзбек тарапка чек ара көзөмөл өткөрүү жайынан тышкары өтүүгө аракет кылышкан. УКМК бангладештиктерге көмөктөшүүгө өзбекстандык 29 жаштагы М.Н.Р. аракет кылгандыгын билдирди.
Комитеттен учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын айтышты.
Сирияга бармак. КРдин чек арасынан мыйзамсыз өткөн чет элдик кармалды