Конгрессте Байдендин импичменти боюнча сунуш киргизишти

Байден өзүнүн дарегине айтылган коррупцияга катыштыгы бар деген сөздөрү болбогон кеп деп атаган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июн.— Sputnik. АКШнын өкүлдөр палатасынын мүчөсү Лорен Боберт Конгресске мамлекеттин түштүк чектеринде коопсуздукту камсыздоого дарманы келбей калгандыктан Америка президенти Жозеф Байденге импичмент жарыялоо сунушун киргизди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Байден мамлекеттин түштүк чектеринде коопсуздукту камсыздоо боюнча өзүнүн конституциялык милдетин аткара алган жок. Ушул себептен улам импичмент боюнча демилгени көтөрүп чыктым, бул кадам анын азыркы кызматынан четтетүү үчүн жасалууда", — деп жазды Боберт Twitter аккаунтуна.
Өткөн аптада өкүлдөр палатасынын мүчөлөрү Байденге карата жүрүп жаткан иликтөөнүн алкагында ФБРден суралган баштапкы документтер менен таанышкан. Андан соң конгрессвумен Марджори Тейлор Грин президентти импичмент процедурасы аркылуу кызматынан четтетип, кылмыштык иликтөөнү баштап, темир тордун ичине отургузууга чакырган.
Ал эми Байден өзүнүн дарегине айтылган коррупцияга катыштыгы бар деген сөздөрү болбогон кеп деп атаган.
Трамп: АКШ Украинанын айынан ок-дарысыз калды