Камчыбек Ташиев чек арачыларга үйлөрдүн ачкычын тапшырды

Эки кабаттуу турак жайда 20 батир болуп, жашоо үчүн заманбап шарттар камсыздалган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абадда чек арачылар үчүн курулган жаңы турак үйдүн ачкычтарын тапшырды. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.

"Эки кабаттуу турак жайда 20 батир болуп, жашоо үчүн заманбап шарттар камсыздалган. Балдар ойноочу аянтча, спорт зал, футбол аянтчасы жана башка тийиштүү шарттардын баары каралган", - деп айтылат кабарда.

Ташиев мамлекет жетекчилиги тарабынан кыргыз армиясы үчүн, анын ичинде чек ара кызматын күчтөндүрүү, заманбап курал-жарак, аскердик техникалар менен камсыз кылуу, аскерлердин кызматтык жана жашоо шартын жакшыртуу багытында аткарылып жаткан олуттуу жумуштар тууралуу кыскача айтып өттү.
Шарттарды түзүү менен аскер кызматкерлерине талаптар да күчөтүлгөнун, өлкө чек арасынын бүтүндүгүн камсыз кылууда ар бир аскер кызматкери коюлган талаптарды так аткарууга милдеттүү экенин эскертти.
Ташиев паспорту жок жүргөн 32 жаштагы жаранга документ тапшырды