Радио

Бакчиев: эпос айтуучулардын милдети, озуйпасы, келечеги талкууланчу кез келди

"Манас" улуттук академиясынын президенти, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, филология илимдеринин доктору Талантаалы Бакчиев өлкөдө алгачкы ирет эпос айтуучулар форуму өтөрүн билдирди.
Sputnik
Ушул жылдын 15-16-17-июнунда Дүйнөлүк эпос айтуучулардын биринчи форумун өткөргөнү турабыз. Бул тууралуу Талантаалы Бакчиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, форумдун максаты — кыргыз манасчылары менен бирге айтуучулук өнөрдүн бүгүнкү коомдогу орду, милдети жана озуйпасы тууралуу ой бөлүшүү.
"Эпос айтуучулардын дүйнөлүк форуму алгачкы жолу өтүп жатат. Балким, ал алдыда кайталанып өтө турган форматта болор, анын баары ушул иш-чарада белгилүү болот. Форум 15-16-17-июнь күндөрү борбор калаада жана Ысык-Көл облусунда болот. Ага алтай, башкыр, бурят, монгол, өзбек, тува, хакас жана якут элдеринин эпос айтуучулары катышат. Буга чейин биз айтуучулук өнөрдү академиялык нуктан таанып келсек, эми өнөр ээлеринин өздөрүнүн пикирин угуп, ой бөлүшөлү деп чечтик", — деди Бакчиев.
Ал айтуучулук өнөрдүн келечеги да санариптешүү доорунда көп суроолорду жаратарын кошумчалады.