Бишкектеги Дэн Сяопин проспектисинин бир бөлүгү кытай стилинде көрктөндүрүлүүдө

Циндао шаарынын бийлиги Бишкектеги аталган аймакты көрктөндүрүү үчүн 600 миң юань бөлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Бишкектеги Дэн Сяопин проспектисинин бир бөлүгү кытай стилинде көрктөндүрүлүп жатат.
1 / 2

Бишкектеги Дэн Сяопин проспектисинин бир бөлүгү кытай стилинде көрктөндүрүлүп жатат

2 / 2

Жакшыртуу иштери шаарга батыш тараптан кирген жагында, тагыраагы, Алыкулов көчөсүнөн Кустанайга чейинки бөлүктө жүрүп жатат.

Жакшыртуу иштери шаарга батыш тараптан кирген жагында, тагыраагы, Алыкулов көчөсүнөн Кустанайга чейинки бөлүктө жүрүп жатат. Анда тротуарлар, веложолдор салынып, жаңы ирригациялык система курулат. Ошондой эле көчөлөр жарыктандырылат. Учурда адистер жолду өсүмдүктөрдөн тазалап даярдык көрүүдө.
Участоктун жалпы аянты 0,755 гектар.
Эске салсак, бир жыл мурда Кытай менен макулдашууга кол коюлган. Ага ылайык, Циндао шаарынын бийлиги Бишкектеги аталган аймакты көрктөндүрүү үчүн 600 миң юань бөлгөн.
Бишкек менен Циндао 2021-жылдан бери бир тууган шаарлардан болуп эсептелет.
Ош шаарын көрктөндүрүү багытында беш чоң долбоор башталды. Эскиз