БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө" жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Киргизилген өзгөртүүлөрдө Ысык-Көлдүн пляж аймактарына элдин эркин кирүүсүнө тоскоол болгон пляж аймактарында жайгашкан тосмолорду (дубалдарды, торчолорду, темир торлорду) демонтаждоо каралган, ошондой эле аларды мындан ары курууга тыюу салынат.
Жарлык Ысык-Көлдүн курорттук-рекреациялык аймагында жайгашкан калктуу конуштардын тургундарынын экономикалык жана социалдык кызыкчылыктарын коргоо, алардын пляж аймактарына эркин кирүүсүн камсыз кылуу жана мүмкүн болуучу терс кесепеттерди болтурбоо максатында чыкты.
Жарлыктын аткарылышын президенттин администрациясы көзөмөлдөйт.