БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Бишкектин көчөлөрү үчүн "Тазалык" муниципалдык ишканасы жаңы контейнерлерди жасады. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Жаңы челектер Манас проспектисин жана Абдрахманов көчөсүн бойлой орнотулмакчы, кийинчерээк башка көчөлөргө да коюлат.
Мэрия 500 контейнер даярдаларын белгиледи, булар эскилерге караганда эки эсе сыйымдуу жана кыйла жеңил келет.
Шаардыктардан муниципалдык менчикке аяр мамиле жасоону өтүнүштү.