Төө-Ашуудагы суу каптаган туннелдин ичи тазаланды. Министрдин маалыматы

Унаа өткөн жайдын ичин суу каптап, автоунааларга ыңгайсыздык жараткан видеолор тараган.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Транспорт министри Тилек Текебаев Төө-Ашуудагы Кусейин Көлбаев атындагы туннелдин ремонту кандай жүрүп жатанын көрүп келгенин билдирди.
Эскерте кетсек, социалдык тармактын колдонуучулары унаа өткөн жайдын ичин суу каптап, автоунааларга ыңгайсыздык жараткан видеолор менен бөлүшкөн.
"Элдин кайрылуусу менен Төө-Ашууга келип, туннелдин ремонтун тездетүүнү тапшырдым. Тезинен бүткөрүү үчүн бардык аракеттер көрүлүүдө! Учурда жарыктандыруу иштери жүрүүдө, андан соң дароо эле жаңы асфальт төшөлөт. Бүгүн туннелдин канализациясына таштанды толуп, суу акпай, айдоочуларга ыңгайсыздык жаратып калган экен. Маселе тезинен чечилип, учурда калыбына келди", — деди Текебаев.
Туннелди оңдоо иштери 10-июнда башталган. Жолду оңдоо иштери 30-июнга чейин жүрүп, маал-маалы менен унаа кыймылына чектөө киргизилери айтылган.
Ош менен Баткенде сел жүрүп, жолдор жабылды. Видео