Таласта мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер кармалды

Үч кызматкер Талас облустук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. УКМК кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган делип Талас райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жеке турак жай куруу бөлүмүнүн башчысы Т.А.А., "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Талас райондук бөлүмүнүн жерге жайгаштыруучусу Ж.А.М. жана Нуржанов айыл аймагынын жер адиси И.К.К. кармалганын кабарлады.
Маалыматта козголгон кылмыш ишинин алкагында колго түшүрүлгөндөр материалдык пайда табуу максатында айыл чарба багытындагы жер тилкелерин мыйзамсыз берип, жеке менчикке өткөрүп жиберишкени айтылат.
"Адистердин айтымында, бул аймактагы 0,15 гектар жердин баасы 1 миллион 300 миң сомго бааланат. Учурда тергөө тарабынан келтирилген зыянды аныктоо боюнча тиешелүү процессуалдык чаралар көрүлүүдө", — деп жазылат кабарда.
Кармалгандар Талас облустук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Акыркы эскертүүм! Садыр Жапаров мамлекеттик кызматкерлерге кайрылды