БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Абадан кол салганда коргой турган россиялык системалар гана гиперүндүү ракеталарды атып түшүрүп, жок кыла алат. Бул туурасында Россиянын вице-премьери, өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров РИА Новостиге берген маегинде айткан.
"Согуштук авиация тармагы (учактар жана тик учактар) бүгүн атаандаштардан сан жагынан да, сапат жагынан да артыкчылык кылып, алдыга кетти. Коргонуу өнөр жайы боюнча тармактардын көбү боюнча алсак, биздин коргонуу системаларыбыз гана уникалдуу гиперүндүү куралдарыбызга кебелбей туруштук бере аларын эске алуу жетиштүү", — деген вице-премьер.
Россияда абадан кол салганда коргоно турган, чет элдикинен артыкчылык кылган куралдардын бүтүндөй бир топтому түзүлгөн. Маселен, алыска уча турган ПВО/ПРО системалары — С-400 жана С-500, С-350 "Витязь", "Бук-М3", "Тор-М2" жана "Панцирь-С" комплекстери. Россия Федерациясы — бүгүнкү күндө "Кинжал" жана "Циркон" сыяктуу гиперүндүү кубаттуу ракеталары бар дүйнөдөгү бирден-бир держава. "Кинжал" атайын операциянын алкагында украиналык объектилерге карата бир нече ирет колдонулган. Дал ушул ракета Киевде америкалык Patriot системасынын таш-талканын чыгарган.