Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин: жаңжал бүтүш үчүн Батыш Украинага курал-жарак бергенин токтотушу керек

Россия лидери Батыш өлкөлөрүнүн аскердик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Жаңжал бүтүш үчүн Батыш Украинага курал бергенин токтотушу керек. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин билдиргенин RT басылмасы жазды.
Өлкө башчы мындай учурда Киев өзү да жакын арада сүйлөшүүлөрдү баштоону каалайт деген ишенимин билдирди.

“Батыш Украина үчүн кампаларындагы бардык курал-жарагын берди. Эми Түштүк Корея менен Израиль гана калды, бирок алардыкы да жакында бүтөт”, — деди Путин.

Буга чейин Россия лидери учурда Украина масштабдуу контрчабуул жүргүзүп жатканын айткан. Анткен менен украиналык аскерлер максатына жетпегени белгиленген.
Мантуров: гиперүндүү ракеталарды россиялык техника гана атып түшүрө алат