Пресс-борбор

"Мэрия Бишкектин инфраструктурасын МЖӨ аркылуу кантип өнүктүрөт" аттуу брифинг

Иш-чара шейшемби күнү, 13-июнда, саат 10:00дө онлайн-форматта өтөт. Түз эфир Sputnik Кыргызстан агенттигинин пресс-борборунун "Вконтакте" баракчасында көрсөтүлөт.
Sputnik
Евразия өнүктүрүү банкы Бишкек шаарынын мэриясына сапаттуу инфраструктура түзүүгө жардам берет. "Бишкек — 2026. Көрктөндүрүлгөн жана жашыл калаа" шаарды өнүктүрүү программасын ишке ашыруу максатында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча да иш жүрөт.
Тараптар тийиштүү бир катар долбоорлорду талкуулай баштады. Бул тууралуу кененирээк Бишкекти өнүктүрүү жана инвестиция тартуу агенттигинин директору Курманбек Молдокулов айтып берет.
Урматтуу кесиптештер, суроолоруңуздар болсо (0772) 17-54-88 номери аркылуу Telegram-каналга жөнөтүңүздөр. Модератор аларды түз эфирде окуйт.