Sputnik Кыргызстан агенттигинде Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Улуттук маданий борборунун генералдык директору Союзбек Надырбеков болду. Биз мамлекеттик иш-чаралардын маданий бөлүгү кандай уюштурулары, жол-жобосу тууралуу сүйлөштүк.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Улуттук маданий борборунун генералдык директору Союзбек Надырбеков
© Sputnik / Асель Сыдыкова
— Жакында эле өлкөгө Катардын шейхи Тамим бин Хамад Аль Тани келип, бул ирет тосуп алуу ырасымы мурункудан өзгөчөлөнгөнү айтылууда. Себеби эмнеде?
— Биздин мекеме 2004-жылы ошол кездеги президент Аскар Акаевдин жарлыгы менен "Кыргыз Республикасынын маданий борбору" болуп түзүлгөн. 2006-жылы Маданият министрлигине өтүп, ошондон бери маданий борбор катары өзүнүн функционалдык милдеттерин аткарып келе жатат. Негизи борбор Маданият министрлигинин тапшырмаларын түздөн-түз аткарат. Бул кызматка келгениме үч айдын жүзү болду. Ушул аралыкта уюм катары биздин да өз саясатыбыз, кызматташтыгыбыз болушу керек деген тейде өзүбүздүн планыбызды иштеп чыктык. Жогорку деңгээлдеги мамлекеттик иш-чараларда маданият кызматкерлери, сахна адамдары көп эмгек жасашат. Жаркырап бир жолу сахнага чыгып койгондун артында тоодой мээнет турат. Ошол себептен "Маданият — сахна артында" аттуу рубриканын негизинде даярдыктын баарын көрсөтүп берүүгө аракет жасап жатабыз. Муну менен катар борбор көптөгөн маданий уюмдар менен иштешет. Анткени аларга болгон туура мамиле иштин жарымын бүтүрөт.
Президентибиз тарабынан "кыргыз эли меймандос эл экенибизди көрсөтөлү" деген тапшырма келип түштү. Анын алкагында бардык министрлик өз милдетин аткарды. Негизи алгач режиссёр аныкталып, анын көз карашы менен команда чогулат. Эмирди тосуп алуу программасын Умар Кадыров аттуу жаш режиссёр уюштурду. Ал эми анын башында министрибиз турду. Аэропортко чейин ат-куштарды алып барып мейман узатуу мурда болбоптур. Катар шейхи көтөрүңкү маанайда кетти. Ал киши министрибизге "сөзсүз сиздерди чакырабыз. Катарда Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрөлү" дептир.
— Өзгөчө улуттук баалуулуктарга басым жасаптырсыздар...
— Беш локацияда иш алып бардык. Биринчиси — аэропорттон тосуп алуу. Ошол эле күнкү формалдуу эмес кечелерде өзүбүздүн улуттук маданиятыбызды көрсөттүк. Эртеси расмий кабыл алууда да эки ирет маданий программага күбө болушту. "Ала-Арча" паркында Кыргызстандын көчмөн турмушун камтыган программаны көрүштү. Евробиримдикке кирген мамлекеттердин башчылары келгенде да Чолпон-Атада эки локацияда кыргыздын улуттук наркын көрсөткөнбүз. Алар да жакшы маанайда кеткен.
ЮНЕСКОнун башкы директору Одрэ Азулени да кыргыздын баалуу мурастарынын жасалышы менен тааныштырдык. Ал киши кыргыздын ак калпагынын, көк бөрүсүнүн жана ошондой эле Көчмөндөр оюндарынын ЮНЕСКОго кирген сертификаттарын тапшырып кетти. Акырында Азуле айым "Ичке кирсе кыргыздын маданиятын, сыртка чыксаң тоолорун көрөсүң. Бул өлкө бейиш экен" деди.
— Албетте, мындай иш-чаралардын протоколу болот. Бирок аэропорттон тосуп алган кыздардын кийими дайыма эле талкууга түшүп турат. Негизи эле меймандарды тосууда бул маанилүүбү?
— Ар бир өлкөнүн мейман тосуу маданияты бар. Президенттин администрациясы менен министрликтер мамлекеттик деңгээлдеги мейман келерде кеңешме өткөрөт. Иш сапардын форматына жараша маданий программа даярдалат. Ар бир кыймыл, тосуп алган кыздардын кийим-кечесине чейин талкуунун негизинде чечилет. Протокол түзүлүп, анын алкагында гана иш жүрөт.
Иш-чараларды ишке ашыруу процесси биздин маданий борборго жүктөлгөн. Министрликтин болгон майда-чүйдө иштери мойнубузда. Мындан тышкары, мамлекеттик майрамдар, мааракелер бар. Быйыл Ормон хандын 230 жылдыгын өткөрөбүз. Учурда ар бир чыгармачыл адамга колдоо көрсөтүп, административдик жактан жардам берүүгө жетишүүнү көздөп жатабыз.
Улуттук маданий борбор — мамлекеттик, эл аралык маданий иш-чараларды уюштуруудан тышкары эл ичиндеги өнөрпоздордун чыгармачылыгын колдоп, материалдык жана маданий мурастар боюнча иш алып барат. Айылда эл ичинде таланттар көп. Жакында эле Кыргызстан боюнча хор жана оркестр багытындагы конкурстарды өткөрдүк.
— Мамлекеттик иш-чаралардын уюштурулушуна, катышуучуларга дайыма эле ар кандай сындар айтылат. Эмнелерге көңүл буруу керек?
— Иш-чаранын максатына жараша программа түзүлүп, ар бир темага жараша номерлер тандалат. Чет элден келген конокторго төкмөлөр, манасчылар баштаган улуттук маданиятыбызды жана салбурун, жигитовкада каскадёрлордун өнөрлөрүн көргөзөбүз. Негизги басымды элдик кол өнөрчүлүккө жасайбыз. Келген меймандын сүйүктүү ырын же ошол элдин белгилүү чыгармасын оркестрге салып, партитурасын жазып даярдап аткарып беришет. Шейх Тамим бин Хамад Аль Таниге да "Камбаркан" этнографиялык тобу Катардагы эки белгилүү ырды даярдап аткарып берди. Ал ошол иш-чаранын кульминациясы болду. Себеби меймандар абдан жакшы кабыл алышты.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
– Ал эми мааракелик тойлордучу? "Качанкыга чейин эле ат чаап, эт жеп алып эле кете беребиз" деп нааразы болгондор көбөйдү. Форматы өзгөрөбү?
— Форматты түп-тамырынан бери өзгөртүп сала албайбыз. Анткени улуттук баалуулуктарыбыз бар. Бирок быйыл 31-август — Кыргызстандын эгемендик күнүн башкача форматта майрамдоону пландап жатабыз. Каражатты болушунча үнөмдөп, мааракелерди өткөрүүдө облустарга күч келтирбесек дейбиз. Эгемендүүлүк майрамына арналган иш-чарада басымды жаштарга жасадык. Калгандары сыр боюнча турсун. Азырынча даярдык процесстери ушундай.
— Сиздер уюштурган мамлекеттик иш-чараларга катышкан уздар, ырчылар кандай стимул менен келишет?
— Ар бир иш-чаранын сметасы түзүлөт. Ар кимисинин эмгегине жараша төлөнүп берилиши керек. Айрым топтордун өзүнүн баасы бар. Алар менен соодалашабыз. Анткени акча мамлекеттики, үнөмдөө керек. Аймактардагы, чет жердеги маданий иш-чараларга ыр-бий топторун алып барууга, баскан-турганынын баарына төлөнүп берилет. Мамлекеттик мекемеде иштегендердики айлыктын негизинде болгону менен жумуштан тышкары убактысын алганыбыз үчүн гонорары берилет. Айрым учурда келип жөн эле ырдап кеткендер болот.
Анан да азыр биз колдонуп жаткан техника, аппаратура мурда алынган. Актуалдуулугун жоготкондору да бар. Министрликке техниканы алмаштыруу керектигин билдирдик. Бизде 45 кызматкер болсо, анын 15и техникалык адис. Иш-чара учурунда көптөгөн форс-мажор учурлар болот. Анын баарын убагында илгиртпей чечип кетүү үчүн көп даярданабыз. Ошол себептен бир иш-чарага даярданганда кошумча эки-үч вариантын да кошо белендеп коёбуз.