БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары Афганстандын спортчуларын 3:0 эсебинде жеңди деген калыстардын бүтүмү чыкты. Борбор азиялык футбол ассоциациясынын (CAFA) аткаруу комитети ушундай чечимге келген.
Эске салсак, 10-июнда Кыргызстандын футбол командасы афганстандык каршылаштарын 1:0 эсеби менен жеңген. Гол беттештин соңку мүнөттөрүндө киргизилген. Бул чечимден кийин атаандаш команда финалдык ышкырыкты күтпөй, машыктыруучунун чакырыгы менен оюн талаасын таштап чыгып кетишкен. Тренер мындай кадамга калыстарга болгон нааразылыгынан улам барды дешкен.
Мелдештин регламентинин бузулганына, алардын кадамына карабастан турнирдин беделин түшүрбөө максатында Афганстандын командасына оюнга катышууга мүмкүнчүлүк берилген.
"Афганстандын курама командасы оюн талаасына жетиден кем оюнчу киргизгендиктен, матч негизги оюн мөөнөтү бүткөнгө чейин эле калыстар тарабынан токтотулду. Ал эми регламентке ылайык, беттеш болгон жок деп эсептелет. Кыргызстан бул оюнда 3:0 эсебиндеги артыкчылык менен жеңүүчү деп жарыяланышы керек", — деп айтылган Кыргыз футбол союзунун комитеттин чечимине таянган маалыматында.
Андын сырткары, Афганстандын башкы машыктыруучусу Абдулла Альмутайринин бул кылыгын карап чыгып, андан ары санкция салуу үчүн иш CAFA Дисциплинардык комитетине өткөрүп берилген.
CAFA Nations Cup 2023 эл аралык чемпионаты биринчи жолу улуттук команданын деңгээлинде 11-июндан 20-июнга чейин өткөрүлөт. Кыргызстандын курама командасы тайпалык баскычта Афганстан, Иран менен ойномок. Ушул эле убакта Ташкентте Өзбекстан, Оман, Тажикстан жана Түркмөнстан курама командаларынын оюндары өтөт. Мелдештин жеңүүчүлөрү 20-июнда Ташкенттеги финалда жолугат.