Кылтакка илинип калбагыла. Өлкөдө рулда отургандар боюнча рейд башталды

Көзөмөл жүргүзүүнүн максаты — коомдук тартипти жана туризм маалында жолдо жүрүүнүн эрежелерин бекем сактоо.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстандын аймагында "Рулда отургандар" деп аталган рейд башталды, ал 19-июнга чейин созулат. Бул туурасында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан кабарлашты.
Көзөмөл жүргүзүүнүн максаты коомдук тартипти жана туризм маалында жолдо жүрүүнүн эрежелерин бекем сактоо экенин айтышты.
"Рейд учурунда ичип алып автоунаа айдагандарга өзгөчө көңүл бурулат. Урматтуу айдоочулар, рулда отурганда абайлагыла, жол эрежелерин бузбагыла, ичип алып автоунаа айдабагыла", — деп кайрылышкан жол милициясы темир тулпарлардын ээлерине.
Эске салсак, ичип алып автокөлүк башкаргандар айдоочулук укугунан бир жылга чейин ажыратылат.
Үч айда мас болуп рулга отурган 1 200 айдоочу унаа айдоо укугунан ажыратылды