Кыргызстан менен Россиянын билим берүү ведомстволору кызматташат

Россиялык билим берүү академиясы заманбап окуучу менен студенттин билим алуусун иликтеп чыккан иш тууралуу кыргыз тарапка айтып берди.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлигинин лицензия берүү бөлүмүнүн башчысы Алмаз Ибраев министрлердин "Келечекти калыптандыруу" деп аталган эл аралык форумунун алкагында Россиянын билим берүү академиясынын вице-президентинин милдетин аткаруучу Виктор Басюк менен жолукту.
Форум 8-9-июнда Казань шаарында өткөн. Тараптар ар бир уюмдун ишинде приоритетте болгон тармактар боюнча кызматташууну сүйлөшкөн.
Россиянын билим берүү академиясынан заманбап окуучунун, студенттин билим алуусун изилдөө иштери, педагогдорду билим берүү жана илимий-методикалык жактан колдоо, тарбиялоонун жаңы методологиясы, устаттык, окугандарды психологиялык жактан колдоо, педагогикалык жааттагы изилдөө иштеринин сапатын жакшыртуу жана агартуучулук долбоорлор боюнча айтып беришкен.
Ибраев адеп-ахлактык тарбияны, мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана мугалимдердин билимин өркүндөтүү боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеген.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар төмөнкүлөр боюнча макулдашкан:
диссертациялык изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатуу жаатында РБА Кыргызстандын адистештирилген уюмдары менен координациясын камсыз кылуу;
мектепке чейинки, жалпы билим берүү тармагында кызматташууну өнүктүрүү, ошондой эле Эл аралык билим берүүнү өнүктүрүү боюнча илимий кеңештин ишине катышуу жаатында сүйлөшүүлөрдү уюштуруу;
билим берүү тууралуу илимдер жаатындагы өз ара кызматташуу маселелерин иштеп чыгуу.
Эл аралык илимдер академияларынын ассоциациясынын билим берүүнү өнүктүрүү боюнча илимий кеңешинин алкагында биргелешкен иштерди жүргүзүү, эки өлкөнүн илимпоздору үчүн өз ара стажировкаларды жана консультацияларды уюштуруу жаатындагы макулдашуулар жетишилди.
ЖК Россия Кыргызстанда кура турган 9 мектептин долбоорун жактырды. Шарттары