Министрлик: кургакчылык жазгы талаа иштеринин темпин төмөндөттү

Суу тартыштыгынан улам талаа иштеринде гана эмес, Бишкек менен Чүйдүн адам жашаган аймактарында дагы көйгөйлөр жаралууда.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Кургакчылыктан улам жазгы талаа иштерин жүргүзүү темпи төмөндөдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.
Үстүбүздөгү жылдын 23-майына карата республика боюнча жалпысынан 661 миң гектарга жакын жаздык эгин себилди. Бул өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 6 миң гектарга аз.
"Тактап айтканда, май өсүмдүктөрү 14 пайызга, дан буурчактар 11 пайызга, пахта өсүмдүктөрү 10 пайызга, көп жылдык чөптөр үч пайызга, жаздык буудай жана жаздык арпа бир пайызга кыскарды", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошол эле учурда кант кызылчасынын айдоо аянты төрт миң гектардан ашык, дандык жүгөрү төрт миң гектарга жана картошка 0,5 миң гектарга көбөйдү.
Быйыл дыйкандар 3 миллиард сомго чукул арзандатылган насыя алды