Бишкекте суу түтүк, канализацияны пайдаланууда эреже бузгандарга айып салынды

"Бишкек суу канал" башкармалыгы 43 жашоочуга акт түзүп, ар бирине 8 231 сомдон айып салган.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Бишкек шаарынын жашоочулары суу пайдалануу эрежелерин бузууда. Мэриянын маалыматына ылайык, "Бишкек суу канал" башкармалыгы суу түтүктөрүн жана канализацияны пайдалануудагы эрежелердин сакталышын текшерген рейд жүргүздү.
"Өткөн дем алыш күндөрү Бишкек шаарындагы 43 жашоочуга карата акт түзүлдү", — дешти мэриядан.
Ошондой эле шаардык башкармалык эреже бузгандардын ар бирине 8 231 сомдон айып салынганын белгилеген. Мэрия шаардын жашоочуларын уруксатсыз түтүк, канализацияларга кошулбоого чакырды.
"Бишкек шаарындагы суу түтүктөрүн жана канализацияны пайдалануу эрежелеринин 11.14-пунктуна ылайык, түтүк, канализацияга уруксатсыз кошулгандар аныкталса, ал түтүктү кошкон күнүнөн баштап суткасына суунун кыймылынын 1м/сек ылдамдыгы менен кошуп төлөй тургандыгын эскертебиз", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми огород, бакты суу менен камсыздоочу атайын уюмдардын уруксатысыз таза суу менен сугаргандарга 1000 сом өлчөмүндө айып салынарын эске салды.
Радио
"Бишкек суу канал": ар бир үйгө сууну өлчөгөн эсептегич коюш керек