Кыргызстанда колористтердин саны аз жана аталган кесипке талап жогору экенин Кайрат Темирбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, тасмага өң кошкон кесипти өздөштүргөн соң фрилансер болуп чет элдик долбоорлордо да иштөөгө жол ачылат.
"Кошуна Казакстанга салыштырмалуу бизде тасма аз тартылат. Кыргызстанда колористтердин да, долбоорлордун да саны аз. Өткөн жылы ата мекендик кинолордун 70 пайызына өң бергенге жетиштим. Мындан сырткары, коммерциялык багыттагы роликтер менен да иштеп келем. Ар бир долбоорго колорист керек. Ошондуктан бул жаатта билим алууга каалоочуларды чакырам. Курстун баасын бир эле долбоор актап коюшу мүмкүн. Мыкты адиске ар дайым жумуш табылат. Курстардын баасы 300 доллардан башталып, 16 миң долларга чейин. 1000-1500 долларга эң керек болгон маалыматтар камтылган курстарды алса болот. Чет тилдерин жакшы билгендерге окуу жеңилирээк болушу мүмкүн. Ар дайым окуп, үйрөнүш керек. Жеке мен өзүм деле үйрөнүп, бул кесипти өздөштүрүп кеттим деп айта албайм. Мага кесиптештерим жардам берип, колдоо көрсөттү. Азыр деле бирге окуп, бирге тажрыйба топтоп жатабыз", — деди Темирбеков.
Ал соңку ирет сатып алган курсунун баасы 1600 доллар болгонун кошумчалады.